• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык окуучулар геометрия боюнча Иран олимпиадасында 1 алтын, 2 күмүш медаль утту

Билим 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Кыргызстандык 3 окуучу геометрия боюнча Иран олимпиадасында 1 алтын, 2 күмүш медалды утту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, геометрия боюнча Иран олимпиадасы 2014-жылдан бери уюштурулуп келет. Быйыл олимпиада сегизинчи жолу өткөрүлдү. Бул ирет онлайн-форматта уюштурулган олимпиадага 57 өлкөдөн 4500дөн ашуун окуучу катышкан. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык окуучулар 3 медалды жеңип алышты:

1. Фёдор Корнияш, Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи – ортоңку класстар арасында алтын медаль;

2. Назар Кыргызбаев, Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи – ортоңку класстар арасында күмүш медаль;

3. Тилек Аскербеков, Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейи – жогорку класстар арасында күмүш медаль.

Белгилей кетсек, окуучуларды олимпиадага «Газпром Кыргызстан» мектебинин жана Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин математика мугалими Мамат Ишматов жана Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров даярдаган.

Пикир

Оставить комментарий