• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Максутов Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти менен жолукту

Маданият 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Түрк маданияты жана мурасы фондунун президентиАктота Раимкулова менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Актоты Раимкулованы уюмдун башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап, Фонддун белгиленген максаттарына жетүүсүнө ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы эки тараптуу маданий кызматташтыкты, ошондой эле жакынкы жылдары ишке ашырыла турган долбоорлорду талкуулашты. Тактап айтканда, Алыкул Осмоновдун Бишкек шаарындагы үй-музейин реконструкциялоо долбоору, материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча Түрк мамлекеттеринин Конвенциясын талкуулоо жана кабыл алуу жана башка маселелерди талкуулашты.

Мындан тышкары, министр түрк элдеринин орто кылымдардагы маданият жана мурас объектеринин бири болуп саналган Кыргызстандын байыркы түрк (кыргыз) жазууларын инвентаризациялоону жана документтештирүүнү жүргүзүү долбоору, Невакет (Красная Речка) чалдыбарынын аймагындагы “Караханиддер конушу” үстүнө чатыр орноту жана археологиялык-консервациялык иштерди жүргүзүү долбоорун колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Актоты Раимкулова Алтынбек Максутовду 2024- жылдын 13-мартында Баку шаарында өтө турган Фонддун кеңешинин жыйынына катышууга чакырды.

Жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий