• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эль-Кувейт шаарында кыргыз маданиятынын павильону орнотулуп, улуттук кийим, тамак-аш тартууланды

Маданият 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги Нооруз майрамына карата “Жазгы фестиваль” жана Кувейттин Улуттук күнү майрамына карата уюштурулган салтанатка катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чара Борбор Азия мамлекеттеринин элчиликтери жана Кувейтте аккредитацияланган 36 башка элчилик жана өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда өткөрүлдү.

Эль-Кувейт шаарындагы “Абраж” паркында өткөн иш-чарада элчилик тарабынан ак боз үй жана кыргыз маданиятынын павильону орнотулуп, анда ата мекендик буюмдар, улуттук кийимдер, сувенирлер, тамак-аштар жана таттуулар көрсөтүлдү.

Павильондун конокторуна Кыргызстандын туристтик потенциалы, Кувейттен Бишкек жана Ош шаарларына түз үзгүлтүксүз аба каттамдары тууралуу маалымат берилип, ошондой эле сувенирлер, таттуулар жана суусундуктар таратылды.

Фестивалга Кувейтте жашаган мекендештер кыргыз буюмдарын көрсөтүү жана жайылтуу менен бирге концерттик программага активдүү катышып, комузда кыргыз ырларын жана улуттук бийлерин тартуулашты.

Иш-чаранын катышуучулары жана коноктору Кувейттин алдыңкы ЖМКлары тарабынан активдүү чагылдырылган кыргыз павильонун кызыгуу менен кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий