• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош – Баткен — Разаков унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Ош – Баткен — Разаков унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жогоруда аталган унаа жолдун Рават тилкесинде тайгакка каршы инерттик материалдарды чачып жүргөн Isuzu самосвалын жеңил унаанын айдоочусу артынан сүзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, жеңил унаанын айдоочусу рулда уктап кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаанын бир жүргүнчүсү каза болгон.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Баткендеги филиалынын директору Авазбек Мамаюнус уулу билдиргендей, №2 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жол кырсыгынан жабыркаган эмес.

Транспорт жана коммуникация министрлиги айдоочуларды эс алуу жана уктоо режимин сактоого, аба ырайынын жагымсыз шарттарында, айрыкча кар жааганда рулда этият болууга, жол эрежелерин так сактоого, тактап айтканда, каршы тилкеге чыкпоого чакырат.

Ошондой эле тоолуу райондордон жана ашуулардан өткөн айдоочуларды күрөктөр менен кар чынжырларын алып жүрүүгө, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу убагында кар тазалоочу техниканын ишине тоскоолдук кылбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий