• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамкурулуш 10 айда 145 объектиде инженердик текшерүү жүргүзгөн

Коом 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10 айынын ичинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) Жер титирөөгө туруктуу, курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 145 ар кандай багыттагы объекттердин инженердик текшерүүсүн жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугуна техникалык корутундулар берилди.

Ошондой эле отчеттук мезгилде долбоорлоого 40 атайын техникалык шарттар иштелип чыккан жана берилген.

Мындан тышкары, «Ченемдик документтерди актуалдаштыруу жана иштеп чыгуу» боюнча тематикалык планга ылайык институт КР КЭ 41-106:2021 «Жылуулук электр станциялары», КР КЭ 41-103:2021 «Автономдуу жылуулук менен камсыздоо булактары. Долбоорлоо эрежелери», ошондой эле "Бетон жана темир жаралуу конструкциялар» сыяктуу ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий