• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ соцтармактар аркылуу чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 08.01.21. /Кабар/. КР Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып мессенджер аркылуу, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ички иштер министрлиги өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.

"Айрым жарандар WhatsApp жана башка социалдык тармактарда коомдо кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган жалган билдирүүлөрдү таратып жаткандыгын билебиз. Мыйзамсыз жана чагымчылдык аракеттер бир гана мамлекетке жана коомго зыян алып келбестен, республиканын башка жарандарына дагы коркунучтарды жаратууда. Айрым кызыкдар тараптар өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, чыр-чатак чыгарууга аракет жасашып, кырдаалды туруксуздаштырууну ойлошууда. Ар бир мыйзамсыз аракеттер үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет. Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып мессенджердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына - 102 телефон номуру аркылуу кабарлап коюуну суранат", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт жана чагымчыл билдирүүлөрдү таратканга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле Ички иштер министрлиги жарандарды жалган маалыматтарды таратуудан жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий