• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте USAIDдин сот адилеттүүлүгүн жайылткан "Укук булагы" долбоорунун расмий ачылышы өттү

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 2022-жылдын 11-февралында, КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков USAIDдин Кыргызстандагы сот адилеттүүлүгүн жайылтуу боюнча жаңы долбоордун расмий ачылышына катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Иш чарага мамлекеттик органдардын жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өлкөдө сот реформасы жүрүп жаткандыгын, анын негизги максаты көз карандысыз жана эффективдүү сот бийлигин куруу болуп саналат. Мында сот адилеттиги институттарынын көз карандысыздыгынын эл аралык принциптери негиз катары алынгандыгын белгиледи.

"Бул процесске сот корпусу, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик бутактары, юридикалык коомчулуктун, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү активдүү катышууда. Төрт багыт боюнча иштерди камтыган долбоор мамлекеттик органдар, анын ичинде сот органдары менен өз ара аракеттенүүгө багытталган.

"Укук булагы" долбоорунун максаты сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, соттордун ишинин ачыктыгын жогорулатуу, коррупцияны азайтуу, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө соттук инновацияларды колдоо экендигин эске алып, Жогорку сот бул багытта тыгыз кызматташууга даяр",- деди төрага.

"Укук булагы" долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон аталган долбоор жарандардын сот адилеттигине жетүүсүнө көмөк көрсөтүүгө, сот органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга, гендердик сезимталдыкты жайылтууга жана коррупцияны азайтууга багытталгандыгын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРдагы калктын укуктук керектөөлөрү туурасында кыскача иликтөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий