• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Текебаев ИӨБ өкүлдөрү менен жолдорду реконструкциялоону каржылоо маселесин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ислам өнүктүрүү банкынын Алматы аймактык кеңсесинин башчысы Ибрагим Шукри жана камсыздандыруу операциялары боюнча менеджери Али Хан менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунунжүрүшүндө биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.

"Азыркы тапта Транспорт министрлигинин Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуусу өз нугунда уланууда. Учурда "Ысык-Көл айланма унаа жолунун 104-184,5-чакырымын реконструкциялоо" долбоору ишке ашырылып жатат. Анын наркы 20 млн долларды түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Ислам өнүктүрүү банкынын кредиттик каражаттарына "Суусамыр-Талас-Тараз, Фаза IV, жолдун 105-198-чакырымын реконструкциялоо" долбоорун ишке ашыруу күтүлүүдө, ал боюнча азыркы учурда кредиттик макулдашууга жана техникалык-гранттык жардам макулдашуусуна кол коюуга даярдык иштери жүрүп жатат. Долбоордун суммасы 50,2 млн долларды түзөт.

Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык кеңсесинин башчысы Ибрагим Шукрини жылуу кабыл алганы үчүн министрликке ыраазычылыгын билдирип, алар үчүн эң башкысы — жолдорду реконструкциялоо иштерин сапаттуу, жогорку деңгээлде аткаруу жана ИӨБдүн долбоорлорун ишке ашыруу тобунун кызматкерлерин семинарлар жана тренингдер түрүндө окутуу экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий