• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда ар кандай себептен улам 1 миңден ашык бала билим албай келет

Коом 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда 1 миңден ашык бала билим албай келет. Бул туралуу Билим берүү министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ушул окуу жылында 2 миң 118 бала мектепке барган эмес.

“Балдар ден соолугуна, үй-бүлөлүк абалына, диний ишенимдерге байланыштуу же документтердин жетишсиздигинен мектепке барбай келет. Жергиликтүү аким, балдар иштери боюнча комиссия менен биргеликте иштерди жүргүзүп, 1 миң 114 баланын мектепке баруусуна жетиштик”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий