• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Красный строитель конушунда 3 күн газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Бишкектин Красный строитель конушунда 30-январдан 1-февралга чейин газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» шаардык газ кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү жер астындагы орто басымдагы газ түтүктөрүндөгү газдын чыгышын жоюу боюнча пландуу иштер жүргүзүлөт.

Жаратылыш газын берүү төмөнкү көчөлөрдө токтотулат:

  • Сары-Челек көчөсү – Ала-Арча дарыясы – Айланма жолу;
  • Киргизская көчөсү – Логвиненко көчөсү – Курманалиева көчөсү – Зеленая көчөсү – Новая көчөсү - Колхозная көчөсү- Заводской тар көчөсү
  • Элебесов көчөсү – Коллективная көчөсү – Аул көчөсү – Новосельская көчөсү – Кичи Чүй каналы.

«Бишкекгаз» жаратылган ыңгайсыздыкты керектөөчүлөр түшүнүү менен кабыл аларына үмүт артат.

Эскерте кетсек, буга чейн Бишкекгаз» шаардык газ кызматы аталган аймакта 5 күн газ болбой тургандыгын билдирген. Кызмат андан соң, оңдоо иштеринин мөөнөтү кыскартылганын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий