• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен ТИКА кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов менен Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) программалык координатору Мехмет Бодур менен жолугуш. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда министрдин орун басары Болотов ТИКАга Кыргызстан менен активдүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Мехмед Бодур өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө позитивдүү мамилени белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен ТИКАнын ортосундагы кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын, атап айтканда, өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду жана программаларды талкуулашып, ТИКАнын техникалык жардамынын алкагында портфелди кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, кыргыз тарап аймактарды өнүктүрүү, билим берүү, санариптештирүү, социалдык чөйрө сыяктуу тармактарда мүмкүн болуучу келечектүү долбоорлорду, ошондой эле экономикалык кирешелүү долбоорлорду талкуулоону сунуштады.

Министрдин орун басары кыргыз тараптын кызматташтыкты өнүктүрүүгө мындан ары да кызыкдар экенин ырастап, ошондой эле Кыргыз Республикасында ТИКА долбоорлорун ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө ишендирип кетти.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ар кандай келечектүү багыттар боюнча кызматташуунун бир катар пункттарын камтыган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алдыдагы жыйынына даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, өз ара аракеттенүүнүактивдүү улантууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий