• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери дем берүүчү гранттар аркылуу 243,8 млн сом каржыланды - ФМ

Экономика 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Жыл башынан бери дем берүүчү гранттар аркылуу 243,8 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүм объекттерин (мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер жана башка) жакшыртуу максатында 2023-жылга "дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 800 млн сом каралган.

2023-жылы ишке ашыруу үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын отурумунун 2023-жылдын 19-апрелиндеги №15-01/2 протоколуна ылайык, 332 долбоор бекитилген.

Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан берилген отчеттордон көз каранды (суралган суммага жана талап кылынган көлөмгө ылайык, дем берүүчү (үлүштүк) грант каражаттардын өздөштүрүлүшүн эске алуу менен транштарда берилет (өздүк, тартылган, республикалык бюджет) долбоордун түрүнө жараша отчет берилгенден кийин).

2023-жылы ишке ашырууга 332 долбоор бекитилген. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого тапшырылган отчеттордун негизинде 2023-жылдын 9 айында республикалык бюджеттен “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча 243,8 млн сом суммасындагы 223 долбоор каржыланган.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар - аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары курулуш иштерин жүргүзүү боюнча подрядчыларды аныктоо боюнча тендердик жол-жоболорду жүргүзүшөт, тендердин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүлгөн келишимдерди бериши керек, ага ылайык каржылоо дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Пландалган жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен кош каржылоого тандоо жүргүзүү үчүн долбоорлорду каттоо ушул жылдын 1-июлунан 30-ноябрына чейинки мезгилде ишке ашырылат.

Бир долбоорго республикалык бюджеттен бөлүнүүчү дем берүүчү (үлүштүк) гранттын максималдуу суммасы 5 млн сомдон ашпоого тийиш. Бир долбоорго керектөө 3 млн сомдон ашык болсо, арыз берүүчү долбоордун жалпы суммасынын 50%ынан кем эмес өлчөмдө долбоорду кошо каржылоону камсыз кылат. Бир долбоорго керектөө 3 млн сомго чейин болсо, өздүк салым кирешелик камсыз кылуу деңгээлин эсептөө боюнча арыз берүүчү долбоорду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жана тартылган каражаттардан кошо каржылоону – акчалай салым 7 пайыздан 30 пайызга чейин камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий