• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаевге эки тараптуу пневмония диагнозу коюлуп, стационардык дарыланууга которулду - УКМК

Коом 0

Бишкек, 30.06.20 /Кабар/. Алмазбек Атамбаев 29-июнда ден соолугу начарлап жатканын айтып кайрылган, буга байланыштуу андан COVID-19га карата ПЦР-анализ алынган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, натыйжада Атамбаевден коронавирус аныкталган эмес. Бирок ошол эле күнү дарыгерлер онлайн консилиум өткөрүп, ага эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган. Буга байланыштуу ал ооруканага которулган.

Белгилей кетсек, байланышты азайтуу жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында УКМКнын Тергөө изоляторунда жолугушууларды уюштурбай, айнек тосмо аркылуу көрүшүү сунуш кылынат.

УКМКдан билдиришкендей, акыркы жумада Атамбаев жактоочусу жана туугандары менен бир нече ирет жолугушуп, кагаз жана буюмдарды алган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин жакын тууганынан коронавирус чыккан жана ал аны менен байланышта болгон.

УКМКнын Тергөө изолятору штаттык режимде иштөөдө. Бирок ошол эле убакта Республикалык штабдын талаптары аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, УКМКнын Тергөө изоляторунун бардык кызматкерлери текшерүүдөн өтүп, аларда коронавирустук инфекциянын симптомдору табылган эмес.

Пикир

Оставить комментарий