• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Каратаев коронавирус менен ооругандарга уюштурулган кошумча орундуктар туурасында маалымат берди

COVID - 19 0

Бишкек, 30.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде коронавирус менен ооругандарга уюштурулган кошумча орундуктар туурасында маалымат берди.

Анын айтымында, 30-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 279 учур катталды.

“Улуттук фтизиатрия борборунда 38 орундук даярдалса, учурда ал жерде 38 бейтап дарыланууда. Улуттук госпиталда 4 күн мурда 100-120 орундук ачылган эле, алар Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын ооруканасы деп эсептелет. Ал жерде бир күн ичинде бейтаптар толуп калгандыктан Урология борборунда кошумча орундуктарды ачууга мажбур болдук. Ал жерде 130-150 койка бар болсо, 89 бейтап жатат. Бүгүн да ал жерге бейтаптар жаткырылууда. №1 шаардык ооруканада 80 койка коюлган. “Манас” аэропортунун аймагында 200 орун дайындалса, 60 бейтап дарыланууда. Ал жерге дагы 400 орундук уюштурулат”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган жалпы 5296 учур катталды. Алардын ичинен 830у медицина кызматкери. Илдеттен 2370 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 57 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий