• 88.68
  • 95
  • 0.95

Гүлнара Баатырова пландан тышкары Эмгек министрлигине караштуу мекемелерге барды

Коом 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова министрликке караштуу мекемелерге барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр Социалдык коргоо департаментине, Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборуна, Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматына пландан тышкары текшерүү жүргүздү.

Министр кызматкерлердин иштөө абалы, шарттары жана жүргүзүп жаткан иштери менен таанышты.

Текшерүү учурунда Гүлнара Баатырова жумуштарды активдештирүү, кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий