• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстандан 29 кыргызстандык звакуацияланды

Коом 0

ишкек, 10.01.22./Кабар/. Казакстан Республикасында болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу КРнын Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөдөгү жарандарга укуктук-консулдук жардам көрсөтүүнүн алкагында учурда Казакстандын аймагынан кайтып жатышкан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялап келүү боюнча иштер уланууда.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, атайын уюштурулган транспортто Кыргызстандын 14 жараны эвакуацияланды, арасында аялдар жана балдар бар.

Андан тышкары, Нур-Султан эл аралык аэропортундагы авиарейстердин токтотулгандыгына байланыштуу темир жол аркылуу 15 КРнын жараны мекени кайтарылды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын аймагында жүргөн мекендештерибизди өлкөдө туруунун мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбай, жашаган жеринен алыс чыкпоого дагы бир ирет чакырып кетет.

Министрлик ТИМдин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинде жана Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын, Казакстандын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук-укуктук жардам алуу боюнча бардык суроолору менен кайрыла алышарын эске салат.

КР ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;

+996 555 007 626;

+996 708 52 21 37;

+996 707 989 895;

+996 709 983 465;

КРнын Нур-Султан шаарындагы элчилиги:

+7 (776) 124-88-33;

+7 777 4733009;

КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу:

+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов;

+7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова;

+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева;

+7 775 4634295 Медер Сапаралиев.

Пикир

Оставить комментарий