• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Билим берүү министри Азия өнүктүрүү банкынын делегация менен жолугушту

Билим 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Бүгүн билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Чженг Ву баштаган делегация менен жолугушту, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташтыкты улантууга даяр экендигин билдирип, мектептердеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын Казык” жаңы мамлекеттик программасынын долбоору менен тааныштырды.

Министр бирдиктүү жана туруктуу мамлекеттик китеп саясатын жүргүзүү үчүн Министрлер Кабинетинин токтому менен “Окуу китеби” басма үйү мамлекеттик мекемеси түзүлгөнүн, Кэмбридждин окуу стандарттарын жана баалоо системасын киргизүү, Сингапурдун педагогикалык тажрыйбаларын алуу боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева 150 өлкөнүн билим берүү жана эмгек рыногуна жол ача турган жаңы 12 жылдык окуу программасына өтүү тууралуу айтып берди.

Жолугушууда тараптар келечектеги долбоорго биргелешип иш алып барууну талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий