• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда студенттик стартап-долбоорлорго сынак жарыяланды

Билим 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда студенттик стартап-долбоорлорго сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, сынак жаштардын ишкердигин өнүктүрүүгө дем берүү жана бизнес-идеяларды андан ары илгерилетүү максатын көздөйт. Тиешелүү документтер 10-майдан 10-августка чейин кабыл алынат.

Стартап-долбоорлор төмөнкү тематикалык багыттар боюнча тандалып алынат:
- маалыматтык / санариптик технологиялар;
- медицина жана саламаттыкты сактоо технологиялары;
- жаңы материалдар жана химиялык технологиялар;
- интеллектуалдык өндүрүш технологиялары;
- биотехнология
- ресурстарды үнөмдөөчү энергетика;
- агрардык технологиялар;
- жашыл экономика;
- чыгармачыл тармактар;
- тейлөө тармагы.

Ведомстводон кошумчалашкандай, документтердин топтому startupkg1@gmail.com дарегине электрондук жана кагаз түрүндө кабыл алынат. Сынак боюнча маалыматтарды 0708 888 063 номуру аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий