• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Швейцария Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоону колдойт

Билим 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертерди кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча долбоорунун улук координатору Эльвира Мураталиева да катышты.

Тараптар Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоо жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Элчиликтин өкүлдөрү Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «КРдагы медициналык билим берүүнү реформалоо» долбоорунун жыйынтыктоочу фазасы тууралуу айтып беришти.

Атап айтканда, долбоордун алкагында министрлик менен биргеликте медайымдарды окутуу үчүн жаңы окуу программалары иштелип чыккандыгы, аларды ушул жылдын сентябрынан тартып 4 пилоттук колледжге киргизүү пландалып жаткандыгы, ушуга байланыштуу окуу программасын Кыргызстандын башка медициналык кесиптик билим берүү уюмдарында жайылтуу жана долбоордун жыйынтыктарына мониторинг жана баалоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарылчылыгы белгиленди.

Министр Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигине Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Министрлик долбоор аяктаганда медициналык окуу программаларын киргизүүнүн сапатына чогуу мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө даяр экендигин, жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгына жараша министрлик окуу программасын Кыргызстандын башка медициналык кесиптик окуу жайларына жайылтуу мүмкүнчүлүгүн карап көрөрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий