• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстандагы президенттик шайлоодо Сердар Бердымухамедов жеңишке жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Түркмөнстанда 12-мартта өткөн мөөнөтсүз президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык, өлкөнүн кызматтан кетип жаткан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов добуштардын 72,97% алып, жеңишке жетти.

Шайлоого Бердымухамедовдон тышкары буга чейин көпчүлүккө анча таанымал эмес дагы сегиз талапкер катышкан. БШКнын маалыматына караганда, экинчи орунга добуштардын 11,09% алган Хыдыр Нуннаев жайгашса, үчүнчү орунга 7,22% добуш менен Мары облусунун башчысынын орун басары Агаджан Бекмырадов жайгашты. Калган алты талапкер шайлоочулардын 1-2% гана добушун алышкан.

Гурбангулы Бердымухамедов мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүү чечими тууралуу быйыл февралда айткан. Мамлекет башчысы бул чечимин "мамлекетти башкарууда жаштарга жол берүү" каалоосу менен түшүндүргөн.

Пикир

Оставить комментарий