• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2021-жылдын октябрынан бери мектептер үчүн дээрлик 330 миң нуска окуу китеби басылып чыкты

Билим 0

Бишкек, 18.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылдын октябрынан бери мектептер үчүн 329 миң 300 нуска окуу китеби басылып чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, химия, физика, кыргыз адабияты, орус тили, орус адабияты, Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы, биология китептери басылып чыгарылды.

“Ошондой эле көрүүсү начар балдар үчүн геометрия жана орус адабияты сабактарынан 2 миң 320 китеп жарык көрдү”, - дейт ал.

Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана каржылык анализ бөлүмүнүн башкы адиси Азизбек Мураталиев 329 миң 300 нуска окуу китебин басып чыгууга 55 млн сом сарпталганын билдирди.

Жусупбекова мындан сырткары, кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдериндеги 538 окуу китептеринин электрондук нускалары “Электрондук китепканага” киргизилгенин маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий