• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандагы мамлекеттик ЖОЖдордун ректорлору аттестациялоодон өттү

Билим 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Бүгүн Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлору аттестациялоодон өтүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алар:

  • К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин;
  • М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин;
  • И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин;
  • К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин;
  • Ош мамлекеттик университетинин ректорлору.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу төрагалык кылган аттестациялык комиссия төмөндөгү критерийлер боюнча ректорлордун ишине баа берет.

  • аткарылган иштердин негизги жыйынтыктары жөнүндө отчет;
  • университеттин келечектеги ишмердүүлүгүнүн программасы;
  • бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу;
  • билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүк;
  • инфраструктуралык жана финансылык-экономикалык ишмердүүлүк.

Аттестация ЖОЖдун жетекчилеринин ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо максатында үч жылда бир жолу туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Комиссиянын чечими кабыл алынган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде ЖОЖдун жетекчисине маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий