• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент 0

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы № 1 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Адамдардын өмүрүнүн, ден соолугунун коопсуздугун жана Кыргыз Республикасынын экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы № 1 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Төмөнкүдөй жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, 2024-жылдын 31-декабрына чейин укук коргоо жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүлөргө мораторий киргизилсин:

1) ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган конкреттүү фактылар аныкталган учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча;

2) салык кызматынын органдары;
3) бажы органдары;
4) тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча текшерүүлөрдү;
5) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык функцияларды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы.”.

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен биргеликте эки жумалык мөөнөттө:

– мамлекеттик органдар тарабынан ишкердик субъекттерине жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү эсепке алуу системасына талдоо жүргүзсүн;
– жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун баалоо менен ишкердик субъекттерине карата текшерүүлөрдү эсепке алуу механизмин иштеп чыксын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий