• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Шакиев КР ТИМдин 80 жылдык маарекесине карата куттуктоо катын жолдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев КР Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык маарекесине карата куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1944-жылдын 17-март күнү Кыргыз ССРинин Тышкы иштер Элдик комиссариатын уюштуруу туурасында мыйзам кабыл алган.

Ага ылайык төрага Нурланбек Шакиев жолдогон куттуктоодо мындай деп айтылат:

"Ардактуу Тышкы иштер министрлигинин жалпы жамааты!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктайм!

80 жыл мурун түптөлгөн министрлик СССР маалында өз алдынча тышкы саясатты жүргүзө албаса да, кыргыз дипломаттары ошол кездеги көп улуттуу Совет мамлекетинин тышкы байланышын чыңдоого зор салымын кошкон. Алар СССРдин өкүлү катары Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүндө ийгиликтүү иштөө менен өзүнүн тажрыйбасын, билимин жана жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүп, түрдүү кырдаалдарда чоң өлкөнүн кызыкчылыгын коргошкон. Ошол убактагы өлкө жетекчилери кыргыз элчилеринин ишмердүүлүгүнө жогорку баасын берип, чыгаан дипломаттарыбызга зор ишеним артышкан. Казы Дикамбаев, Закон Турдукулов, Талгарбек Сарбанов, Сакин Бегматова, Күлүйпа Кондучалова өңдүү залкар дипломаттарыбыз салып кеткен чыйыр жол ийгиликтүү уланып, Чыңгыз Айтматов, Ишенбай Абдыразаков, Кеңеш Кулматов, Жумакадыр Атабеков, Марат Саралинов, Нургазы Кемелбаев, Муратбек Иманалиев өңдүү мекендештерибиз СССРдин атынан чет өлкөлөрдө жогорку элчилик кызматтарды аркалашкан. Билим менен тажрыйбаны айкалыштырып, кыргыз дипломаттарынын бүтүндөй бир мектебин түптөшкөн. Мына ошол залкар дипломаттарыбыз эгемендүүлүк алгандан кийин да жаш мамлекеттин атынан жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышып, аймактык жана дүйнөлүк алкакта Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргошкон. Эл аралык уюмдарды түптөп, түрдүү аймактык жаңжалдарды басууга жардам берүүдө биздин элчилер жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн.

Азыр да уучубуз куру эмес. Тышкы иштер министрлигибиз эгемен элибиздин эл аралык алакасын арттырып, мамлекеттер ортосунда достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жаатында жигердүү иш алып барып келет. Дипломаттарыбыздын аракети менен эл аралык келишимдерге кол коюлуп, биргелешкен ири социалдык-экономикалык долбоорлор ишке ашырылууда. Албетте бул чек эмес. Азыркы ааламдашкан доор Тышкы иштер министрлигине жаңы милдеттерди жүктөп, дүйнөдөгү болуп жаткан окуялар, ар кандай чакырыктар дипломаттарыбыздын жоопкерчилигин дагы жогорулатууда. Бирок кыргыздын даанышман дипломаттары биримдик менен достукка данакер болуп, чет мамлекеттер менен болгон кызматташтыгыбыз өнүгө берет деген ишеничтемин!

Ардактуу Тышкы иштер министрлигинин ардагерлери жана кесипкөй адистери!

Кыргыз элинде сөзүнө бекем, билими терең, эки элге көпүрө болчу даанышман инсандарга элчилик милдет жүктөлүп, аларга чоң ишеним артылган. Андыктан, ары татаал, ары сыймыктуу ишиңиздерди жоопкерчилик менен аркалап, мындан ары да тышкы саясатыбызды ийгиликтүү жүргүзө бериңиздер!

Дагы бир жолу маарекеңиздер менен куттуктап, ар бириңиздерге бекем ден соолук, узак өмүр каалайм! Дүйнөдө тынчтык, элибизде ынтымак болсун".

Пикир

Оставить комментарий