• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Имараттар менен курулмаларды этап-этабы менен куруу максаты коюлууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 16-январда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору (“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамга, Кылмыш-жаза кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) 3-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

3-окуудагы мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири Азамат Арапбаев баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору шаар куруу жана курулуштардын аткарылышына жоопкерчиликти көтөрүү чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны тартипке салууга багытталган. Эксперттик иштерди жетиштүү аткарбагандыгы жана курулуш ченемдери менен эрежелерин сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү маселеси каралган.

Долбоор аркылуу шаар курулушунун комплектерин, имараттар менен курулмаларды этап-этабы менен долбоорлоону жана курууну ишке киргизүү белгиленген.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Арапбаев А., Алимбеков Н., Шадиев А., Жапаров А., Нурбаев А., Сыдыков Б., Шайназаров Т., Шыкмаматов А., Нурматов К., Айдаров С., Казакбаев Р., Матраимов И., Масабиров Т., Калмаматов Ж., Джураев С.

Пикир

Оставить комментарий