• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Доорду өзгөртүп, тарыхта из калтырган айымдарыбыз арбый берсин — төраганын куттуктоосу

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.03.24./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкө айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосу:

"Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан келе жаткан 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Баарыбыз билгендей, кыргыз коомунда аялдын ролу өзгөчө. Эгемен мамлекетибиздин пайдубалын эркектер менен эриш-аркак аялдарыбыз да түптөшкөнүн сыймыктануу менен айта алабыз.

Айрыкча элибиздин башына түшкөн оор сыноолордо Каныкей, Акыл Карачач, Жаңыл Мырза, Курманжан, Уркуядай энелерибиз келечек үчүн жоопкерчиликти алып, даанышмандыгын көргөзүшкөн. Өзүнүн ак эмгеги менен белгилүү болгон Зууракан, Керимбүбү, Өлмөсхан сындуу апаларыбыздын ысымдары түбөлүк тарых барактарында жазылып, кийинки муундарыбызга татыктуу өткөрүлүп келет. Коомдук-саясий турмушта да кыргыздын кыздары активдүүлүгүн көргөзүп, Зууракан Иманкалыкова, Күлүйпа Кондучалова өңдүү эжелерибиз Кыргыз мамлекетинин өнүгүшү үчүн өзгөчө эмгек жумшашкан. Ал эми Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Сайра Кийизбаева, Айсулуу Токомбаева, Самара Токтакунова аттуу апаларыбыз кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытып, руханий бай казына калтырышкан.

Мына ошол кыргыздын кыраан кыздарынын жолун улаган кайратман энелерибиз азыр да араңарда арбын. Сиздер тарбиялап, өстүргөн улан-кыздар бекем кайраты жана бийик мекенчилдик сезимдери менен өлкөбүздүн өнүгүшү, мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн күрөшүп, дайыма алдыда жүрүшөт.

Ар кандай иш-чараларда кыргыздын намысын коргоп, туусун бийик көтөрүп келишет. Алсак, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова өңдүү карындаштарыбыз ар бир мелдеште алдыңкы орунду багынтышууда.

Кадырлуу айымдар!

Сиздер бир үй-бүлөнүн гана очогун жандырбастан, мамлекетибиздеги туруктуулук менен биримдикти бекемдеп келесиздер. Кыйын учурларда эр-азаматтардан кем калбай коом түйшүгүн бирге көтөрүп, аруу тилек, бийик максаттарыңыздар менен калкыбызды алдыга сүрөйсүздөр. Мындан ары да эриш-аркак элибизди өнүктүрүп, ийгиликтерди багындырыңыздар. Доорду өзгөртүп, тарыхта из калтырган айымдарыбыз арбый берсин!

Ар бириңиздерге бекем ден соолук, узак өмүр каалайм! Аялдык бакытыңар бөксөрбөй, үйдүн куту болуп аман жүрүңүздөр!

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен".

Пикир

Оставить комментарий