• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сауд өнүктүрүү фонду турак-жайды каржылоого $100 млн насыя берет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин комитети Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов тааныштырды.

Ал белгилегендей, Сауд өнүктүрүү фонду «Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн 25 жылдык мөөнөткө 375 млн сауд риалы (100 млн АКШ доллары эквиваленти) өлчөмүндө насыяны жылдык 1,5% кредиттик комиссия менен 5 жылдык жеңилдетилген мезгил менен 25 жылдык мөөнөткө берет. Программада 40 м2ден 85 м2ге чейин 3000 бирдик арзан турак жай куруу каралган. Долбоор 2028-жылдын аягына чейин бүтөрү күтүлүүдө. «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК тартылган финансылык каражаттардын оператору болот, жер участокторун берет жана «Менин үйүм 2021-2026» программасынын катышуучулары саналган Кыргызстандын жарандарына жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылайт.

Талкууда депутат Лейла Лурова “Жеткиликтүү ипотека” багыты боюнча пайыздык ченди төмөндөтүүнү кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү барбы деп сурады. «МИК» ААКтын төрайымы Аида Төлөгөнова КР жарандарынын чектелген категориясына арналган «Социалдык ипотека» жаңы багыты киргизилгенин, анын үстөгү 4% экенин билдирди.

Мыйзам долбоорун колдогон депутат Миргүл Темирбаева жарандар кандай шарттарда турак-жай программасынын катышуучусу боло алаарын тактады. Муну менен катар ал долбоорду аймактарда ишке ашырууну активдештирүүнү, подряддык уюмдардын ишмердүүлүгүнө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады. Депутат Нилуфар Алимжанова жаштарды турак жай программасына катышуу үчүн тандоодо колдоо маселесин көтөрдү. Ал эми депутат Жылдыз Таалайбек кызы турак-жайдын 1м2 баасы канча болорун сурады. Министрдин орун басары Чоро Сейитов 1м2 баасын, 550 доллар болот деп жооп берди. Жылдыз Таалайбек кызы бул сумма аймактар ​​үчүн өтө эле көп деген пикирин кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Пикир

Оставить комментарий