• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров эртең өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Президент 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында эртең, 13-июнда, КР Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, президенттин Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышат.

Жыйын УТРКнын түз эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Түз алып баруу саат 10:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий