• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Байбакпаев: Быйыл суу аз болот, энергетика тармагына жаӊы кубаттуулукту киргизиш керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. Быйыл суу аз болот, өлкөнүн энергетика тармагына жаӊы кубаттуулукту киргизүү ишин тезинен башташ керек. Бул тууралуу депутат Экмат Байбакпаев Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетте энергетикалык тармактын абалы, келечеги жана аны өнүктүрүү боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди.

"Качанга чейин күтүп отура беребиз, жаӊы энергетикалык кубаттуулукту киргизүү жөнүндө убада кылынганына карабастан, ал ушул кезге чейин ишке ашырылган жок. Өкмөт тезинен тендер жарыялап, заманбап жабдууларды сатып алышы керек", – деди депутат.

"Алдынала болжолго караганда, быйыл суу аз болот, ишти тезинен башташ керек. Биз кетебиз, каржы таӊсыктыгы кала берет, аны менен кошо милдеттенме да аткарылбайт. Бул багытта азыртан иштиктүү чаралар көрүлүүгө тийиш. Эгерде жаӊы энергетикалык кубаттуулук ишке киргизилбей турган болсо, энерготармактын жетекчилери отставкага кетиши зарыл. Алардын айынан келечек муун энергиясыз калып отурат", - деп кошумчалады Байбакпаев.

Биз деле ал маселе боюнча тынчсызданып турабыз, – деп жооп берди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. – Бул багытта иш жүргүзүп жатабыз".
"Өзүӊөр жакшы билесиӊер, шашылыш чечимдер кабыл алынганынан улам, энергетика тармагына жаӊы кубаттуулукту киргизүү жаатында көптөгөн каталар кетирилген, азыр абайлап иш кылбасак болбойт. Бирок, аны аягына чыгарабыз", - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий