• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аманкулов: Үлүшчүлөр электр энергия баасын өнөр жай тарифи боюнча төлөбөшү керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынынын жүрүшүндө депутат Марат Аманкулов үлүшчүлөрдүн электр энергиясынын баасын өнөр жай тарифи боюнча төлөбөөсүнө багытталган мыйзам долбоорун кабыл алуу зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттын айтымында, курулуш имараттарынын үлүшчүлөрү боюнча мындай жагдайлар коӊшу өлкөлөрдө да орун алган. «Мындай абал Казакстан менен Россияда да бар. Ал маселени чечүүнү орус президенти өзүнө алган. Андай маселелер көбүнесе бюджет аркылуу чечилүүдө. Мен жетекген тармактык комитет келерки жыйынына чейин бул маселе боюнча бир чечимге келет деген ойдомун. Анткени, курулуш ээси электр энергиясынын баасын өнөр жай тарифи боюнча төлөйт. Үлүш ээлеринин аны менен кошо төлөөсүнө жол бербеш керек», - дейт комитет төрагасы.

Андан тышкары, депутат көп жарандар үй сатып алыш үчүн ипотекага акча топтой турганын, мамлекет ал каражаттын жумшалуусун көзөмөлгө алышы керектигин, мындай коромжулукка жол берген «кара компаниялардын» тизмесин түзүү зарылдыгын кошумчалады. «Курулуш компаниялары үлүш ээлеринин акчасына автомашина же база сатып алып, курулуш аягына чыкпай турган учурлар жолугат. Анан ал маселелерди бюджет аркылуу чечүүгө туура келет», - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий