• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Ч.Турсунбеков Ирандык кесиптеши менен өлкөлөр аралык кызматташтык маселесин талкуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Иран Ислам Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында Иран Ислам Кеӊешинин Межлисинин Төрагасы Али Лариджани менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү алакалардын учурдагы абалы жана бул жааттагы байланыштарды келечекте кеӊейтүү маселелери боюнча пикир алышып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу тууралуу да баарлашты.

Бул иш сапар эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланыштардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына туура келип жатканын белгилеген Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Кыргыз парламенттик делегациянын бул сапары парламенттер аралык өз ара байланыштардын жаӊы барагын гана ачпастан, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин көп тармактуу өнүгүшү үчүн жакшы шарт түзөрүнө ишенем", - деди.

Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков Иран менен болгон парламенттер аралык кызматташтык эки тараптуу өнөктөштүктүн күн тартибиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин билдирип, алакалар алга карай өнүгүп жатканын жана эки өлкө ортосунда карама-каршы жагдайлар жоктугун баса белгиледи.

Жолугушууда айрыкча мыйзам чыгаруу органдары эки мамлекеттин өз ара байланыштарын кеӊейтүүгө жана күчтөндүрүүгө чоӊ салым кошору айтылып, тараптар парламенттеги депутаттык достук топторунун ишин жандандыруу зарылчылыгына токтолушту.

Кыргызстан менен Ирандын соода жүгүртүүсү тиешелүү деӊгээлде болбой жатканына айткан Чыныбай Турсунбеков жакынкы аралыкта түз авиакаттамдардын ачылышы жана Иран жарандарына виза берүү шарттарынын жеӊилдетилиши соода байланыштарын арттырууну тездетерин белгилеп, ошондой эле айыл чарба, гидроэнергетика, туризм жана башка жааттагы кызматташтыкты кеӊейтүүгө зарыл болгон шарттарды түзүү керектигин кошумчалады.

Андан тышкары, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Кыргызстан менен Иран эки тараптуу гана кызматташпастан, эл аралык жана аймактык ар кандай уюмдардын алкагында да байланышта экенин билдирди. Буга мисал катары "Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран" темир жолун куруу маселесин карап жаткан Экономикалык кызматташтык уюмун (ЭКУ) эске салды.

Ал эми Иран Ислам Республикасынын Межлисинин Төрагасы Али Лариджани парламентаризмге багыт алган Кыргызстан менен парламенттер аралык кызматташтык кеӊейтүүгө кызыктар экенин белгилеп: "Биз парламенттик демократияны куруу жолунда бара жаткан өлкөлөр менен алаканы өнүктүрүүгө кызыктарбыз", - деди. Ошондой эле, ал кыргыз тараптын парламенттик демократиялык багыттагы жетишкендиктерине жогору баа берди.

Иран межлисинин төрагасы да соода-сатык алакаларынын начар экендигин белгилеп, аны күчтөндүрүү зарылчылыгына токтолду. Өзгөчө айыл чарба жаатындагы кызматташтык маселелерине басым жасап, Али Лариджани айрыкча Кыргызстандан эт алууга өтө кызыктар экендиктерин, ал үчүн аталган азыкты Иранга экспорттоого даяр кыргызстандык компаниялардын тизмесин жөнөтүүнү сунуштады. Мындан сырткары, жолугушууда минералдык жер семирткичтерге байланышкан кыргызстандык фермерлердин муктаждыгы тууралуу маалымат иран тараптын кызыгуусун туудуруп, алар аталган маселени чечүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун соӊунда Төрага Чыныбай Турсунбеков Иран Межлисинин Төрагасы Али Лариджанини өзүнө ыӊгайлуу учурда Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, жолугушууга парламенттик делегациянын курамындагы Жогорку Кеӊештин депутаттары Мирлан Бакиров, Исланбек Сарсейитов, Жыргалбек Турускулов, Данияр Аттокуров жана Абдимуктар Маматовдор да катышты. Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегациянын расмий иш сапары 27-апрелге чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий