• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айкындуулук жана бейтарап маалымдуулук болбосо укуктук мамлекет куруу мүмкүн эмес - Жумабеков

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.11.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков республикабыздын журналисттерин кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосунун тексти:

Урматтуу ЖМК өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан кесиптик майрамыңыздар - Басма сөз жана маалымат күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бүгүнкү заманбап шартта коомдун социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүшүндө олуттуу таасири бар. Айкындуулук жана бейтарап маалымдуулук болбосо укуктук мамлекет куруу мүмкүн эмес. Биздин жашоону маалыматсыз элестетүү кыйын. Ошондуктан журналисттердин коомдо аткарып жаткан милдетин жогору баалашыбыз керек. Сиздердин түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү эмгегиңиздердин натыйжасында Кыргызстандын эң алыскы аймактарында жашаган жарандарыбыз да өлкөдө болуп жаткан ар бир окуядан кабардар болууга мүмкүнчүлүгү бар.

Урматтуу журналисттер!

Бүгүнкү күндө ата-мекендик журналистикада журналисттик кесиптин жоопкерчилигин сезген жана жогорку моралдык принциптерге ээ адистердин иштеп жатканы кубандырат. Жогорку Кеңеш ЖМК үчүн ачык мамлекеттик орган катары мындан ары да журналисттер менен тыгыз кызматташып, мыйзам чыгаруу бийлиги менен журналисттер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун үстүндө иштөөсүн улантат.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Бекем ден соолук, бакубат турмуш каалап, чыгармачылык ийгиликтерди тилейм.

Урамттоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий