• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖКнын расмий сайтынан депутаттарга онлайн-кайрылуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.02.18. /Кабар/. Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайты аркылуу депутаттарга түздөн-түз байланышып, онлайн кайрылууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Буга байланыштуу бүгүн, 7-февралда жаңыланган сайттын бет ачары өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынай Өмүрбекова, Аида Касымалиева, РыскелдиМомбеков, Акылбек Жамангулов, парламенттин Аппарат кызматкерлери, сайтты иштеп чыккандар жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу расмий сайттагы жаңыланган депутаттын жеке баракчасынан эл өкүлүнүн ишмердүүлүгүн камтыган бардык маалыматтарды, демилгелеген мыйзам долбоорлорду, ал тууралуу ЖМКларга жарыяланган фото жана видео материалдарды табууга болорун билдирди. Муну менен катар парламенттин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында депутаттарга расмий сайттагы жеке баракчасы аркылуу түздөн-түз байланышууга шарт түзүлгөнүн кошумчалады.

Эл өкүлдөрү жасалган жаңылоо иштери үчүн Аппарат кызматкерлерине жана сайтты иштеп чыккандарга ыраазычылык билдиришип, парламенттик-демократиялык багытта өнүгүү үчүн жасалган чоң кадам катары баа беришти. Алсак, депутат РыскелдиМомбеков: “Бул жаңы мүмкүнчүлүк шайлоочулардын бизге түздөн-түз кайрылуусуна жол ачып, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтат”, – деди.

Ал эми депутат Алтынай Өмүрбекова ушундай эле техникалык жабдуулардын жардамы менен онлайн-конференция өткөрүү тажрыйбасын да пайдаланып көрүү зарылчылыгына токтолду.

Пикир

Оставить комментарий