• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаардык соту Аида Саляновага карата өкүм чыгарды

Коом 0

Бишкек, 07.02.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкек шаардык соту “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянованы мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратты. Экинчи инстанциянын өкүмү бүгүн угузулду.

Ошентип, шаардык сот Ленин райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Маалым болгондой, чечимдин мөөнөтү Салянованын кызы 14 жашка чыкканга чейин узартылды.

Колдоо көрсөтүү үчүн соттук отурумга келген ЖКнын депутаты Жанар Акаевдин айтуусунда, качандыр бир коррупцияга каршы иш алып барган адам эми мынтип сотто күнөөлү деп табылууда. Анын айтымында, соттун чечимин адилетсиз деп айтууга болбойт.

Эскерте кетсек, 26-декабрда КРнын Башкы прокуратурасы ЖКнын депутаты Аида Саляновага карата КРнын Кылмыш кодексинин 304-беренесинде каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал Юстиция министри болуп турганда 2010-жылы издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берүүгө айыпталууда.

Пикир

Оставить комментарий