• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда жолоочулар үчүн мечиттер ачылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.01.18 /Кабар/. Өзбекстандын чоң жолдорунун жээгинде жолоочулар үчүн кичинекей мечиттер пайда болорун Ташкенттеги “Тинчлик” мечитинин имамы Шермурад Тогай билдирди.

Шермурад Тогайдын айтымында, “кичинекей мечиттер” 20-30 кишиге ылайыкташтырылат, даарат алуу жана намаз окуу үчүн бардык шарттары болот. Бул мечиттер “жолоочулардын мечити” деп аталат. Ошол эле маалда алар жума күндөрү баян айтууга ылайыкташтырылбайт.

Өлкөдө “кичинекей мечиттердин” ачыларын Ташкенттин башкы имамы Анвар-кори Турсунов тастыктады. Ал өткөн жылдын соңунда Ташкент аэропортундагы намазкананын ачылышын алгачкы кадам деп атады.

Маалыматтарга караганда, Ташкенттин өзүндө эле 22 кичинекей мечит ачылат. Эгер Өзбекстандагы башка диний конфессиялардын өкүлдөрүнөн суроо-талап түшсө, алар үчүн дагы чакан сыйынуу жайлары уюштурулат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий