• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавируска каршы вакцинаны 1 миллиондон ашык адам алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. Өзбекстанда 17-июлда коронавируска каршы вакцинаны 124 миң 179 адам алды. Алардын ичинен 98 миң 702си вакцинанын биринчи дозасын, 14 миң 518и экинчи жана 10 миң 959у үчүнчү дозасын алышты.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Өзбекстанда бүгүнкү күндө жалпы 5 млн 645 миң 153 вакцина колдонулган. Вакцинанын толук курсун 1 млн 7 миң 993 жаран алды.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда 17-июлда коронавирустун 940 учуру катталды.

Пикир

Оставить комментарий