• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо” долбоорунун ишке ашыруудагы социалдык отчету

Коом 0

Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы АРИСтин ЭПРОлорунун катышуусунда 14-16-июль күндөрү “Социалдык отчеттуулуктун теориясына жана практикасына киришүү” темасында окутуу болуп өттү.

Окуунун максаты “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо” долбоорунун аткаруучуларын социалдык отчеттуулук элементтерин жүзөгө ашырууда өз милдеттерин ийгиликтүү аткарышы үчүн талап кылынган ыкмаларды жана жөндөмдөрдү үйрөтүү.

Окутуу Жалал-Абад шаарында үч күнгө созулуп, тренинг учурунда отчёт жана социалдык отчеттуулуктун аныктамалары боюнча аны ишке ашыруу ыкмаларын жөнгө салуу багытында окутуулар жүргүзүлдү. Социалдык отчеттуулук процесси электр чубалгылары жакын жайгашкан калктуу конуштарда жүргүзүлөт.

Бул процесс коомчулуктун деңгээлиндеги социалдык өнүгүү багытындагы иштелип чыккан пландардын ишке ашырылышын коомчулук тарабынан көзөмөлдөөгө жана ачык айкындуулукту камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Социалдык отчеттуулук процессинин натыйжасында коомчулуктун мүчөлөрүнүн укугу жана жоопкерчилиги чыңдалат – демократиянын жана сабаттуу башкаруунун өзөгү, негизи жана өнүгүүнүн натыйжаларына жетүү мүмкүнчүлүктөру жогорулайт.

Бул процессти негизинен коомчулуктун деңгээлиндеги коомдук кабарчылар ишке ашырышат. Коомдук кабарчылар долбоорду ишке ашырууда ар бир 77 максаттуу айылдардан төрттөн тандалып алынган. Жалпысынан долбоор алкагында 308 коомдук кабарчы бул иш чараларды жер жерлерде жүргүзөт.

Социалдык отчеттуулук процесси коомчулуктун деңгээлинде үч ыкма аркылуу ишке ашырылат. Биринчи ыкма социалдык аудит жүргүзүү аркылуу, чакан долбоорлордун ишке ашыруу иш чаралары бааланат; экинчи ыкма аркылуу коомчулуктун жалпы жыйынында чакан долбоорду ишке ашырууда баалоо карталарын толтуруу менен жүргүзүлөт; үчүнчү ыкма ушул социалдык аудиттин жана коомчулуктун баалоо карталарынын жыйынтыктарын коомчулуктун социалдык отчеттуулук боюнча жалпы жыйынында сунуштоо аркылуу айылдын жалпы катмарына маалымдоо иш-чарасы жүргүзүлөт жана аны аткаруу боюнча атайын пландар кабыл алынып бекитилет.

Пикир

Оставить комментарий