• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда кыргыз-өзбек достугуна арналган иш-чара өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 10.02.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Анжиян облусунун Жалалкудук районундагы № 29 кыргыз орто мектебинде “Өзбекстан - жалпыбыздын үйүбүз” урааны астында кыргыз-өзбек достугуна арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине Анжиян облустук кыргыз улуттук маданий борборунун төрагасы Абыт Насиров билдирди.

Анын айтымында, “Абат жана коопсуз махалла – бекем тынчтык” кепилдиги темасында өткөн иш-чарада Өзбекстан жана Кыргызстан жолбашчыларынын жүргүзүп жаткан адилетүү саясатынан улам, күн сайын өркүндөп жана чыңалып бара жаткан, кылымдарды карыткан кыргыз-өзбек достугу тууралуу кенен кеп болду.

“Учурда көп улуттуу Анжиян облусунда 150 миңден ашуун жергиликтүү кыргыздар жашайт. Коргон-Төбө, Жалакудук, Кожо-Абат, Булакбашы, Мархамат райондорунда жана Ханабат шаарында кыргыздар көп. Алардын өз эне тилин, каада-салттарын, үрп-адаттарын, улуттук кадыр-баркын сактап калуу, ошондой эле кыргыз элин тарыхын, руханий байлыктарын, мурастарын үйрөнүү үчүн жетиштүү шарттар жаратылган”, - деп белгиледи облмаданий борбордун төрагасы.

Жергиликтүү көркөм өнөр таланттары жана күйөрмандары тарабынан аткарылган кыргыз жана өзбек элдик ырлары жана бийлери, жаш манасчылардын чыгыштары иш-чарада майрам маанайын жаратты.

Иш-чара соңунда эмгек ардагерлери, аксакалдар жана байбичелер, активдүү жаштарга облус кыргыз маданий борборунун ыраазычылык каты жана эстелик белектери тапшырылды.

Эскерте кетсек, Анжиян мамлекеттик университетин филология факультетинде “Кыргыз тили жана адабияты” боюнча адистер даярдалат, облуста 21 орто мектепте окуу кыргыз тилинде алып барылат.

Коомдук турмуштун бардык багыттарында Анжиян жана Ош облустарынын ортосундагы кызматташтык, карым-катыш жакшы жолго коюлган.

Пикир

Оставить комментарий