• 88.68
  • 95
  • 0.95

Анкара шаарында кыргыз-түрк бизнес форуму өттү

Экономика 0

Бишкек, 10.02.24. /Кабар/. Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн активдүү катышуусунда кыргыз-түрк бизнес форуму өттү. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 9-10-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргызстандын делегациясынын Түркияга иш сапарынын алкагында өттү.

Форумдун жүрүшүндө экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын кеңири инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, салыктык артыкчылыктарды жана ишкерлерди мамлекеттик колдоону баса белгиледи.

Форумдун жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү эки тараптуу сегиз маанилүү документке, анын ичинде кызматташуу келишимдери жана бизнес келишимдерине кол коюлду. Өзгөчө көңүл Кыргызстандан Түркияга жаңгак жеткирүү боюнча келишимге бурулуп, кыргыз өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы рыноктордун ачылышын камсыздайт.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да тереңдеп, түрдүү тармактарда кызматташуунун жаңы перспективаларын ачууда.

Пикир

Оставить комментарий