• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн 30 пайызы Россияга туура келет

Экономика 0

Бишкек, 13.06.22./Кабар/. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн 30 пайызы Россияга туура келет. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан эл аралык көп тармактуу ишкердик миссиясынын алкагында Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Россия көп жылдар бою тыгыз кызматташып келет.

“Кыргызтандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн 30 пайызы Россияга туура келет. Өз кезегинде, 1 миллиондой кыргызстандык Россияда жашап жана эмгектенет”, - деди ал.

Буга байланыштуу элчи россиялык компаниялардын өкүлдөрүн Кыргызстандын рыногуна көңүл бурууга чакырды. «Бул экономикалык максатка ылайыктуу жана аз салыктык база, экономикалык ишмердүүлүк жана Азия рыногуна чыгуу үчүн жагымдуу шарттар түрүндөгү артыкчылыктарга ээ», - деп белгиледи Удовиченко.

Соңунда ал Кыргызстандын жетекчилигинин экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий