• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статком: Көмүрдүн баасы бир айдын ичинде 8,4 пайызга жогорулады

Экономика 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда көмүрдүн бир тоннасы 5 617,6 сомдон сатылууда.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, баалар үстүбүздөгү жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 8,4 пайызга жогорулаган.

Көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 10 000 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 9 524,4 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 8 099,4 сом) шаарларында катталды, муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын (бир тонна үчүн – 4 449,7 сом) жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды.

Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен– тоннасы 1 560,1 сомго же 26,0 пайызга, Талас – тоннасы 1 189,8 сомго же 20,9 пайызга, Жалал-Абад - тоннасы 1 130,3 сомго же 19,3 пайызга жана Каракол– тоннасы 963,1 сомго же 15,8 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.

Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий