• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Rotschild and Co компаниясы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Аменгелдиев Rotschild and Co компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Ариэль де Малар де Ротшильд менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр Rothschild & Co компаниясынын каржы тармагындагы жана жеке капиталды башкаруудагы чоң тажрыйбасын белгиледи.

Буга байланыштуу ал инвестициялык климатты жакшыртуу жана эл аралык рейтингдерде өлкөнүн позициясын жакшыртуу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча кызматташуунун келечектүү жана өз ара пайдалуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүгө чакырды.

Өз кезегинде Ариэль де Малар де Ротшильд министрге жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын эл аралык финансылык жана инвестициялык рыноктордогу келечегин жана потенциалын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты түзүү жана өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерди жумшоого макулдашышты.

Маалымат үчүн: Rothschild & Co компаниясы - башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан Rothschild & Co үй-бүлөсүнүн француз жана англис филиалдары тарабынан көзөмөлдөнгөн эң эски жана ири финансылык холдингдердин бири. Бул Ротшильд банк тобунун флагманы.

Rothschild & Co Banking Groupтун банк иши инвестициялык банкинг, корпоративдик банкинг, жеке инвестициялар, активдерди башкаруу, жеке банкинг сыяктуу тармактарды камтыйт. Мындан тышкары, Rothschild & Co жеке инвестициялар үчүн өзүнүн инвестициялык эсебине ээ.

Пикир

Оставить комментарий