• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттар салынуучу депозиттик эсеп ачылды

Экономика 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. КРнын Финансы министрлиги укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында мамлекетке кайтарылган каражаттарды сактоо үчүн депозиттик эсеп ачты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Жалпы мамлекеттик иш-чаралар – укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби” кечээ, 3-июлда КРнын Өкмөтүнүн 22-июндагы №298 токтомунун негизинде ачылды.

Эсептин ачылгандыгы тууралуу билдирүү-кат Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине депозиттик эсепке каражат которуу үчүн жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий