• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жарым миллиондон ашык салык төлөөчү отчетун онлайн тапшырат

Экономика 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 607 миң 118 салык төлөөчү salyk.kg сайты аркылуу онлайн отчет берип турат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы бул сайтта 2022-жылы 235 миң 72 субъект өзүнүн “салык төлөөчү кеңселерин” түзгөн.

"Мындан тышкары, 64 миң 599 салык төлөөчү электрондук санариптик кол тамганы пайдалануу менен отчет беришүүдө. Ошондой эле Салык кызматын "Түндүк" системасына кошуу менен тиешелүү мамлекеттик органдар бардык зарыл маалыматтарды жана маалымкаттарды Салык кызматынан электрондук форматта алышат, бул жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн Салык кызматына кайрылуу зарылдыгын жокко чыгарат", - деп айтылат маалыматта.

Салык кызматынан патентти жана камсыздандыруу полисин бир документ менен онлайн алууга мүмкүн болгон "Э-патент" электрондук сервиси иштей турганын эскертет. Мында төлөөнү ар кандай электрондук капчыктардын, терминалдардын же онлайн-банкингдин жардамы менен накталай эмес жүргүзсө болот.

Пикир

Оставить комментарий