• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстан февралдан тарта Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоону жандантты

Экономика 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта Түркмөнстан Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүүнү жандандырды. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитетинин тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсу боюнча отчетунда маалымдалат.

Январдагы отчетто Түркмөнстан экспорту тууралуу маалымдалган эмес. Февралда Кыргызстан Түркмөнстандан 62 млн 50 миң киловатт-саат электр энергиясын сатып алды. Жалпы баасы 161 млн 580,7 миң сомду түздү — 1 киловатт/сааты - 2,6 сом.

Ал эми январь-февралда Казакстандан 224 млн 456,2 миң киловатт/саат электр энергиясы импорттолду. Сатып алынган электр энергиясынын жалпы суммасы 557 млн 34,4 миң сомду түздү — 1 киловатт/саат - 2, 57 сом.

Жалпысынан көрсөтүлгөн мезгилде Кыргызстанга 286 миллион 506,2 миң киловатт-саат импорттолгон, бул өткөн жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 1,56 эсеге аз.

2023-жылдын январында Түркмөнстандан электр энергиясы импорттолгон эмес. Кыргызстандын Энергетика министрлиги Өзбекстандагы энергетикалык кризистен улам электр жарыгын берүү убактылуу токтотулганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий