• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы болбойт — Малаев

Экономика 0

Бишкек, 04.10.23. /Кабар/. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаевге шилтеме берүү менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Назарбек Малаевдин айтымында, Казакстан аркылуу күйүүчү-майлоочу майдын транзити боюнча көйгөйлөр иш жүзүндө чечилди.

"Казакстан өз аймагы аркылуу жүк ташууга эч кандай мыйзамдык тыюу салган эмес. Темир жолдо ашыкча жүк болгонуна байланыштуу кыйынчылыктар жаралууда. Учурда бул маселе боюнча Кыргызстандын Казакстандагы элчиси жана "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын директорунун орун басары жеринде иштеп жатат. Казак тарап күйүүчү-майлоочу майдын транзиттик өтүүсүн координациялай баштады" - деген Малаев.

Эскерте кетсек, буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда жакынкы 20 күндө күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы болушу мүмкүн экенин эскертип, маселени Казакстан аркылуу ташуудагы көйгөйлөргө байланыштырган.

Пикир

Оставить комментарий