• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жашоо минимуму 6,3 миң сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын III кварталында жашоо минимумунун өлчөмү 6 382,69 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,2 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, июль-сентябрь айларында республиканын бардык региондорунда жашоо минимумунун өлчөмүнүн өсүшү белгиленди.

Нет описания.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тамак-аш азыктарынын минималдуу топтомун, тамак-аш азыктарынын топтомунун химиялык курамын жана энергетикалык баалуулугун, ошондой эле жашоо минимумунун өлчөмүн эсептөө методикасын камтыган «Калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтомуна ылайык жашоо минимумунун нарктык өлчөмүн квартал сайын эсептеп чыгарат.

Калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн иштелип чыккан жашоо минимумун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү орточо 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлардын - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөрдүн – 17 пайызды жана салыктардын үлүшү - 2 пайызды түзөт.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий