• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 1,2 млн гектардан ашты

Экономика 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. 2022-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 1 миллион 200 миң гектардан ашты, бул мурунку жылга салыштырмалуу 0,2 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өсүш, арпанын айдоо аянттары 7,1 %, пахтанын - 12,5 % жана тоют өсүмдүктөрүнүн 1,1 % көбөйүшү менен камсыздалды. Мындан тышкары, май өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары 4,5 %, тамеки 6,5 % жана жашылча 1,9 % көбөйгөн.

Ошону менен катар буудайдын айдоо аянттары 6,7%, дан буурчактар - 5,9 %, бахча өсүмдүктөрү - 2,7 %, кант кызылча - 11,3%, күрүч - 6,2 %, ошондой эле картошка - 0,9% пайызга кыскаргандыгы байкалган.

Айдоо аянттарынын эң көп үлүшү Чүй облусунун чарбаларына туура келет - 33,9 %, Ысык-Көл - 15 %, Ош - 14,7 %, Жалал-Абад - 12,9 % жана Нарын облусу - 9,1 пайыз.

Пикир

Оставить комментарий