• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте адамдык өнүгүү форуму старт алды

Экономика 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Бишкекте министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Дүйнөлүк банктын, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, улуттук жана эл аралык эксперттердин катышуусунда адамдык өнүгүү форуму башталды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дүйнөдөгү алдыңкы эксперттерди, саламаттык сактоо, билим берүү жана соцкоргоо багытындагы жетекчилик курамды форумдун ишине тарткандыгы үчүн Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

“Форумдун максаты — эл аралык каржы институттарынын, коомчулуктун жана биринчи кезекте элибиздин көңүлүн президент Садыр Жапаров башында турган Кыргызстандын өкмөтү инвестицияларды тартуу багытын өзгөртүп жаткандыгына буруу”, - деди ал.

Форумдун алкагында соцкоргоо, саламаттык сактоо жана билим берүү боюнча сессиялар өтөт.

Пикир

Оставить комментарий