• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 676 май куюучу жайда автоматташтырылган система орнотулган

Экономика 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1 миң 46 май куюучу жайдын 676сы автоматташтырылган система орноткон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.

"1-июлдан тартып май куюучу жайлар, анын ичинде автогаз, газ толтуруучу компрессордук станциялар башкаруунун автоматташтырылган системасы менен иштей баштады. Жаңы системанын өзгөчөлүгү - ККМ-онлайн менен интеграцияланышы. Ал боюнча кардар акы төлөп кассалык чекти албай туруп май куюп алышы мүмкүн эмес. Себеби, май куюучу жайдын колонкасынан мунайзатты берүү жөнүндө белги иштебей калат. Мунайзат май куюучу жайга берилген учурда система ал маалыматты параллелдүү түрдө Салык кызматынын серверине реалдуу убакыт режиминде жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. 20-августка карата 1 миң 46 май куюучу жайдын ичинен 676сы авоматташтырылган жаңы системаны орнотту", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий